Алайда милиционерди мыкаачылык менен өлтүргөндөр 15 жылга кесилди

Бул кылмыштуу окуя 2021-жылы 28-январга караган түнү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Алай райондук милициянын аймактык тескөөчүсү Нурланбек Эркуловду мыкаачылык менен өлтүргөн эки жаран 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу өкүм Ош облустук сотунда чыкканын маалымат кызматы билдирди.
Бул кылмышка шектелип ошол эле райондун Будалык айылынын 54, 32 жана 31 жаштагы тургундары кармалган. Бирок 54 жаштагы киши көрсөтмө бергенден кийин бошотулган. Өкүм эки айыпталуучуга чыкканы белгилүү болду.
Окуя 2021-жылы 28-январга караган түнү болгон. Милиционер жумуштан чыккандан кийин туулган күнгө барып, ал жакта отурган мас жигиттер менен мушташ чыгып Эркулов каза болуп калган. Андан соң айыпталуучулар сөөктү машинага салып келип Гүлчө дарыясына агызып жиберишкен.
Нурланбек Эркулов 1989-жылы 27-июль күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылында туулган. 2010-2011-жылдары Ош шаарындагы № 2024 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. 2019-жылдын 15-мартынан өмүрүнүн аягына чейин Алай райондук ички иштер бөлүмүндө милициянын аймактык тескөөчүсү кызматын аркалап келген. Андан мурун УКМКнын "Альфа" тобунда да иштеген. Артында эки уулу калды.
Москвада бычакташкан кыргызстандыктар: бир жигит каза болуп, төртөө кармалды