Жапаров: жыл аягына чейин өлкө боюнча 204 мектеп салынып бүтөт

Мектептерден сырткары ондогон бала бакча, медициналык жана маданий объектилердин курулушун бүткөрүү пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыл этегине чейин 204 мектеп салынып бүтө турганын билдирди.
Мындан сырткары, 49 бала бакчанын, 18 медициналык жана 30 маданий объектинин курулушу аяктайт.
Бул объектилерди курууга жалпысынан 9 миллиард сомдон ашык каражат жумшалат.
Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 669 аталыштагы атайын техникаларды сатып алууга 4,9 миллиард сом бөлүнөт.
"Асман" шаарын куруу боюнча дирекция президенттин Иш башкармалыгына өттү