Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондундагы кызматынан чакыртып алынды

Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондундагы кеңешчи кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, Толкунбек Абдыгулов 2021-жылдын сентябрь айында Улуттук банктын төрагалыгынан кетип, президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болгон.
Экология министри Кутманова кызматынан бошотулуп, жаңы жетекчи дайындалды