Пресс-борбор

Эмнеге соцтармактагы түз эфирге көңүлкош кароого болбойт? Түшүндүрмө

Эксперт түз эфирди баштоонун алдында көрүүчүлөрдү кантип тартуу керектигин да айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. "Вконтакте" социалдык тармагындагы түз эфирлерге көңүлкош карап коюуга болбойт, аны жадагалса каналга катталбагандар да көрүп отурушу мүмкүн. Бул тууралуу "КОТ" жаныбарлар жөнүндөгү онлайн-ЖМКнын шеф-редактору Виктория Диптан Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн SputnikPro мастер-классында айтты.
"Түз эфирлер эмнеси менен кызык? "Вконтакте" негизги лентасында белги көрүнүп турат, "коңгуроо" аркылуу билдирүү келип кайсы бир канал түз эфирде экенинен кабардар кылат. Ошентип сиз катталуучуларыңыздын агымына кирип кетесиз, ал эми аккаунтуңузга катталбагандар "витринадан" көрүп турат", — деди Диптан.
Ошондой эле ал түз эфирлерге көңүлкош мамиле кылбай, аудиторияны алдын ала даярдап, 2-3 күн мурун жана эфир күнү сөзсүз анонс чыгаруу керектигин белгиледи.
Telegram-канал аркылуу да трансляция жүргүзсө болот, анда да колдонуучулар билдирүү келгенин көрүп кире алышат. Аны менен катар көрүүчүлөрдү каналга катталууга чакырып туруу шарт, анткени катталуучулар гана түз эфирди досторуна бөлүшө алат.
Радио
Баланы интернет коркунучтарынан кантип коргоого болот? Адистин кеңеши