"Тазалыктын" мурдагы башчысы Рысбек Сарпашев кармалды

Мурдагы директор ишканага 5 миллион сом зыян келтирген деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын экс-директору, Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Рысбек Сарпашев кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ал 2017-2018-жылдары "Тазалыкты" жетектеп турган кезде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
"С.Р.А. ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип иштебеген, жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер менен күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражат өздөрүнө бөлүнгөн. Соттук-бухгалтердик экспертизанын корутундусуна ылайык, "Тазалык" ишканасынын бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
УКМК Сарпашевдин мындай аракеттеринин натыйжасында атайын техника жана күйүүчү-майлоочу материалдар жетишсиз болуп, таштандылар өз убагында чыгарылбай, шаардыктар бир нече жолу арызданышканын айтууда.
Бул факт боюнча ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен кылмыш иши козголгон. Сарпашев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ташиев: Зулушевдин кайниси кармалды, бирок өзү менен пикир келишпестигим жок