Радио

Нефролог: жаштар арасында бөйрөк оорусу күч алды

Медицина илимдеринин доктору, профессор, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы нефрологу Рысбек Калиев бөйрөктүн сезгенүүсүнө эмнелер таасир берерин атады.
Sputnik
Барган сайын бөйрөк оорусу менен 40 жашка чейинкилер көбүрөөк ооруп жатат. Бул тууралуу Рысбек Калиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ашыкча салмак да бөйрөккө терс таасирин тийгизет.
"Мурда бөйрөк оорусуна улуу муундагы кишилер көбүрөөк чалдыгып келген болсо, бүгүнкү күндө, тескерисинче, оору жашарып, жаштар арасында күч алды. Мунун бир канча себеби бар. Бөйрөктүн сезгенүүсүнө тиш оорусу, тамак-аш аркылуу кирген ар кандай инфекция, COVID-19дун таасири, туура эмес дары ичүү, ар кандай чөптөрдү колдонуу, аракты көп ичкендик, ашыкча салмак, чылым себеп болуп жатат. Өзгөчө 50 жаштан кийин чылым чегүү абдан кооптуу. Буга кошумча 2,5 килограммдан аз жана 7 айлык болуп төрөлгөн учурлар да бөйрөккө терс таасирин берүүдө", — деди нефролог.
Ал бөйрөк оорусун алдын алуунун эң майнаптуу жана жөнөкөй жолу күн сайын жарым саат чуркоо же жөн гана басуу экенин кошумчалады.