Кыргызстандыктар Москвада өтө турган "Өлбөс полк" долбооруна катыша алат

"Өлбөс полктун эл аралык сахнасы" долбоорунун гала-концертине катышууну каалагандар март айынын аягына чейин билдирүү бериши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Москва шаарында өтө турган "Өлбөс полктун эл аралык сахнасы" аттуу долбоорго билдирмелерди кабыл алуу жүрүп жатат. Бул тууралуу долбоордун сайтына жарыяланды.
Портал аркылуу каалоочулар онлайн түрдө билдирүү жөнөтсө болот.
Анда айтылган маалыматка ылайык, акция Улуу жеңиштин 78 жылдыгына карата өткөрүлөт. Ага Улуу Ата мекендик согушка катышкан бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын да жарандары катыша алат.
Уюштуруучулар акцияга катышууну каалаган жеке аткаруучулардан, чыгармачыл топтордон ырдаган, бийлеген, музыка жаздырган, айтор, Улуу жеңишке арналган номерди кабыл алышат. Мындан тышкары, долбоордун катышуучулары өзүнүн өлкөсүнүн улуттук ыр-бийлерин да көрсөтүп бере алат.
Өткөн жылы аталган иш-чарага дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн катышуучулар келишкен.
Ак калпак жана туу! Москвада "Өлбөс полкко" катышкан мекендештер. Видео