Кыргызстандын элчиси Мамдуманын төрагасынын орун басары менен жолукту

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн жаштар уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү планы талкууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат РФтин Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.
Анда Москвадагы кыргыз диаспорасынын жаштар уюмдарынын өкүлдөрү Мамдуманын имаратына экскурсия жасап, пленардык жыйындар залын көрүшкөн. Муну элчилик демилгелеп, Чернышов ишке ашырууга жардам берген.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн жаштар уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү планы талкууланган.
Бишкекте кыргыз-орус консультациялары өттү