Бишкекте кыргыз-орус консультациялары өттү

Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкекте жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы чара көрүү маселеси боюнча кыргыз-орус консультациялары өттү. Бул тууралуу КР ТИМи билдирди.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев консультацияга катышуу үчүн келген РФ ТИМинин жетекчисинин орун басары Олег Сыромолотовду кабыл алды.
Жолугушуу учурунда алар эки тараптын өз ара катнашын өнүктүрүү, алдыдагы бир катар иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү маселелерин талкуулашкан.
Дипломаттар аймактык жана эл аралык күн тартиби боюнча актуалдуу маселелер боюнча дагы пикир алмашты.
Апрелден тарта Россиядан Ысык-Көлгө күн сайын самолёт каттай баштайт