БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) төрагалык кылган концепциясында орус тилине арналган бөлүк бар. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Жылдыз Кожобекова билдирди.
Ал "Кыргызстандын достук коммуникациялык режими: өнүгүүнүн келечеги" аттуу эл аралык тегерек столго катышты.
Кожобекова 2023-жыл орус тили улуттар аралык баарлашуу тили катары жылдын тили деп жарыяланганын эске салды. Бул жылы КМШга Кыргызстан төрагалык кылууда.
"Бизде төрагалыктын концепциясы бар. Аны мүчө-мамлекеттерге презентацияладык. Концепциядагы маанилүү бөлүк орус тили боюнча маселеге арналган", — деди Кожобекова.
Ал ошондой эле быйыл Чыңгыз Айтматовдун юбилейи белгиленип жатканын айтты.
"Төрагылыктын алкагында юбилейлик датаны белгилөө боюнча иш-чаралар орус тилин колдонуу боюнча контексттин негизинде өткөрүлөт. Баарыбызга белгилүү болгондой, биздин жазуучу кыргыз тилинде дагы, орус тилинде дагы жазган", — дешти ТИМден.