КР делегациясы Санкт-Петербургдагы "Дени сак коом" форумуна катышып жатат

Санкт-Петербургда КМШ мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлери чогулду.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Министр Гүлнара Баатырова башында турган Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясы "Дени сак коом" форумуна катышып жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Форум Санкт-Петербургда КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык ассамблеясынын кеңсеси жайгашкан Таврический сарайында өтүп жатат. Иш-чара эки күнгө созулат (23-24-март).
Программага 20дан ашык иш-чара кирет. Форумдун девизи — "ден соолук үчүн кызматташуу мейкиндиги".
Форумга РФ саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, РФтин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмундагы өкүлү Мелита Вуйнович жана КМШ мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлери катышууда.
Иш-чараны "Дени сак коомчулук" Росконгресс фонду жана Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги уюштурду. Ал эми КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясы, Ленинград облусунун өкмөтү жана РФтин Өнөр жай жана соода министрлигинин колдоосу менен өтүүдө.
Бишкектик дарыгер балдар арасындагы аз кандуулуктун себептерин санап берди