Блинкен АКШнын "Түндүк агымдагы" жардырууга тиешеси жок экенин билдирди

Конгресстин мүчөлөрүнүн бири Блинкенден газ түтүктөрүн иштен чыгарууга АКШнын бир дагы федералдык мекемесинин тиешеси жок экенин ачык ырастоону өтүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Түндүк Агымдагы" диверсияга АКШнын бир дагы федералдык агенттигинин катышы жок экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Ооба, ошондой", — деген Блинкен АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетинин жыйынында сүйлөп жатып.
Конгресстин мүчөлөрүнүн бири Блинкенден газ түтүктөрүн иштен чыгарууга АКШнын бир да федералдык мекемесинин тиешеси жок экенин ачык ырастоону өтүнгөн.
Америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херш 8-февраль күнү Европага газ экспорттогон россиялык газ түтүктөрүндөгү теракт боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Өз маалымат булагына таянуу менен ал жардыруучу түзүлүштөр магистралдын алдына 2022-жылдын июнь айында Baltops машыгуусуна жамынып АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн суучулдары орнотконун жазган. Херштин айтымында, аларга норвегиялык адистер көмөктөшкөн. Журналист операция боюнча чечимди АКШ президенти Жо Байден тогуз айлык талкуудан кийин кабыл алганын белгилеген эле.
Кийинчерээк британиялык The Telegraph гезити Батыштын атайын кызматтары "Түндүк агымдагы" терактыларга украиналык бизнесмендин тиешеси бар деген пикирде экенин жазып чыккан. Ал эми The New York Times гезити россиялык газды Европага жеткирүүнүн негизги маршрутун украиналык топ жарактан чыгарганын, бул адамдардын планынан Киев бийлиги кабардар болбогонун маалымдаган.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай билдирүүлөр алагды кылууга багытталган аракет экенин белгилеген болчу.
Херш Байдендин "Түндүк агымдын" түтүктөрүн жардырган себебин божомолдоду