БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкекте 24-мартта Борбор Азия IT форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарада эл аралык рынокторго чыгуу үчүн стартаптарды талдоо, алар боюнча кеңеш берүү боюнча сессиялар уюштурулат. Ошондой эле Германия, Корея, АКШ жана Япония өлкөлөрүнүн билим берүү мекемелеринин биримдигин түзүү, IT тармактагы жетишкендиктер үчүн Tech Awards сыйлыгын берүү талкууланат.
"Форумга Amazon, Washington University, IT компаниялар жана университеттердин өкүлдөрү, Япония менен Кореядан келген делегациялардын катышуусу күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Форум Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы, Кыргызстандын президентинин администрациясы, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулууда.