АКШнын финансы министри болушу мүмкүн делген дефолттун кесепетин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Эгер АКШда дефолт болчу болсо, эл аралык өнөктөштөрдүн Американын өзүнө да, долларга да ишеними жоголот. Бул тууралуу өлкөнүн финансы министри Жанет Йеллен билдиргенин РИА Новости жазды.
"Дефолт экономикалык жактан коопсуз мамлекет делген АКШга, ошондой эле резервдик валютабызга ишеним жоголот. Бул болуп көрбөгөндөй экономикалык зыянды шарттайт", — деди министр.
Аткаминердин конгрессте сүйлөгөнү айтылды.
Эксперт: жакында доллар АКШ аймагынан сырткары жарабай калышы мүмкүн