Жер титирөөдөн Афганстанда 9 адам каза болду, Кыргызстанда жабыркагандар жок

Афганстандын аймагында 8 баллга жеткен жер силкинүү катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Түндө болгон жер титирөө Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда үч баллга чейин сезилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-мартта саат 22:47де жер силкинүүнүн очогу Афганстандын аймагында катталып, күчү 8 баллга жеткен. Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстанда жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
ЖМКлар Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия жана Пакистанда дагы жер термелгенин жазышты. Табигый кырсыктын кесепетинен Афганстанда тогуз адам каза болуп, 44ү жаракат алганын РИА Новости билдирди.
Казакстандын маалымат каражаттары Шымкенттин тургундарынын жер титирегенде сыртка качып чыккан видеосун жарыялаган.
Душанбе шаарынын чок ортосундагы көп кабаттуу үйдө жашаган тургундар эвакуацияланып жатканы кабарланган.
Радио
Кыргызстанда сейсмикалык кооптуулукту аныктаган жаңы карта түзүлөт