Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова: Улуу Британия Киевге акталган ураны бар снаряд берип Украинаны жок кылмакчы

Захарова акталган урандан бөлүнүп чыккан радиация "Крым кимдики?" деп сурабай турганын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Улуу Британиянын Киевге акталган уран кошулган ок-дары берүүнү ниет кылып жатышы Украинада чыныгы агрессор ким экенин ачыктап койду. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Sputnik радиосундагы автордук программасында билдирди.
Ал Улуу Британия Украинаны түп тамыры менен жок кылууга аракет жасап жатканын кошумчалады.
"Куралдардын бул түрү (уран кошулган) коргоодогу инфраструктураларды жана сооттолгон техниканы талкалоо үчүн колдонулат. Ал жөнөкөй курал-жарактардан алда канча күчтүү жана адамдын ден соолугуна терс таасир этет. Бул боюнча билдирүү жасаган британдык айым дагы кесепетин толук түшүнүп жатканынан күмөнүм бар. Себеби мында куралды колдонгон адамдар дагы жабыркайт, жер ууланат, анда жашаган муунга кесепетин тийгизет", — деди Захарова.
Ал ошондой эле мындай куралды колдонуу ошол аймакта жашап жаткандарга карата геноцид жасоо болуп саналарын белгиледи. Захарова акталган урандан бөлүнүп чыккан радиация "Крым кимдики?" деп сурабай турганын да эске салды.

"Курамында акталган ураны бар снаряддар адамдын жарандыгын, улутун, паспортун сурабайт. Радиация ошол жердегилердин баарын жабыркатып, жерге сиңип калат", — деди ал.

Захарова акталган уран кошулган снаряд жөнөтүү боюнча билдирүү Путин менен Си Цзиньпиндин Украинада тынчтык орнотуу жөнүндө сүйлөшүүсү болуп жатканда жасалганын белгиледи.
"Менин жеке пикиримде, Британия муну атайын жасады. Көңүл буруп коюңуздар, Путин менен Си Цзиньпин эл аралык туруктуулук, тынчтыкты сактоо жана Украина жаңжалынын айланасындагы тынчтык демилгесин талкуулады. Так ушул учурда Британия Киев режимине ураны бар снаряд жөнөтүүгө ниеттенип жатканы боюнча билдирүү тарады. Мына эми Украинадагы абалды жөнгө салгандын ордуна курчутууну кимдер көздөп жатканын көрүп алыңыздар", — деди ал.
Эске салсак, буга чейин Улуу Британиянын коргонуу министринин орун басары Аннабель Голди Киевге курамында акталган ураны бар курал берүү ниети бар экенин жарыялаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ элчилиги: Киевге акталган уран кошулган ок-дарылардын берилиши абалды курчутат