БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Февраль айында Улуттук банктын алтын корунун баасы 3,6 миллиард сомго азайды.
Башкы банктын сайтындагы маалымат:
февралдын башы — 87 миллиард 356,3 миллион сом;
марттын башы — 83 миллиард 783,1 миллион.
Алтын кордун баасынын төмөндөшүнө эмне себеп болгону айтылган эмес.
Алтын запасынын баасынын өзгөрүшү
2021-жылдын май айында Улуттук банктын алтын запасынын баасы 99 миллиард сомду түзүп рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Ал эми сентябрда 29 миллиардга чейин төмөндөгөн. Кийинчерээк Улуттук банк 2021-жылдын башында дээрлик 20 тонна алтын сатканын жарыялаган. Алтын көлөмү олку-солку болуп турганы менен негизинен өсүштө болгон. Белгилей кетсек, соңку айларда алтын корунун баасынын төмөндөшү байкалып жатат (акыркы жолу өткөн жылдын октябрь айында төмөндөгөн).
Улуттук банктын запаста канча алтыны бар
Январь айынын соңунда Улуттук банктын эл аралык резервдеринин курамында 16,4 тонна алтын бар болчу. Ал 1 миллиард долларга бааланган. Бийлик Кумтөрдөн дагы 45 тоннадай алтын топтогон. Анын көпчүлүк бөлүгү Улуттук банкта сакталууда (Улуттук банктын резервине кирбейт).