БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бүгүн таңда Өзгөн районунун (Ош облусу) Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Кызыл-Күңгөй тилкесинде кыртыш активдешип, болжол менен 1 млн. метр куб жер көчкөн. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Министрлик саат 05:00 чамасында көчкөн жер ошол жердеги 18 үйгө 300 метрдей жетпей калганын билдирген.
"Бул жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. Былтыр 5-сентябрда ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, кооптуу деп табылып, 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү сунушталган", — деп айтылган маалыматта.
Учурда айыл өкмөттүн 18 үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга көчүрүп жатканы айтылды.
Жер көчкөн аймакта ӨКМ жетекчисинин орун басары Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы, райондук бөлүмдүн жетекчиси, Мониторинг департаментинин орун басары жүргөнүн кабарлашты.
"Аны менен катар эле Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына "айгай" жарыяланып, өзгөчө кырдаалды алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылган.