Радио

Ибраев: Өзбекстан ЕАЭБге кирсе Кыргызстан менен соода-сатык жакшырат

Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев ЕАЭБдин кеңейиши менен айыл чарба продуктуларын экспорттоого чоң атаандаштык түзүлөрүн айтты.
Sputnik
Өзбекстандын ЕАЭБге кириши Кыргызстан үчүн коңшу өлкө менен болгон соода-сатыктын жакшырышын шарттайт. Бул тууралуу Данил Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу аркылуу Кыргызстан товарларды кошуна республикага гана эмес, башка өлкөлөргө тез жеткирүүгө жол ачылат.
"Өзбекстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушунда бир катар аспектилерге көңүл буруп коюу абзел. Мисалы, биздин фермерлерге айыл чарба азыктарын экспорттоодо кошумча атаандаштык жаралат. Мындан тышкары, Өзбекстандын ЕАЭБге кириши Кыргызстан үчүн коңшу өлкө менен болгон соода-сатыктын жакшырышына алып келет. Анткени биз товарларды кошуна республикага жана ал аркылуу башка өлкөлөргө тез жеткирүүгө шарт түзүлөт. Бул өзбек компаниялары менен биздин ишкерлердин ортосунда конкуренция жаратат. Бирок кыргыз тарап Өзбекстан ЕАЭБге киришинде тиешелүү талаптарды коюшу керек", — деди Ибраев.
Ошондой эле адис инвестициялык кызматташууну тереңдетүү, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, эки өлкөнүн ишкерлерин колдоо, өнөр жайда, айыл чарбада, кайра иштетүү секторунда жана экономиканын башка тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда тыгыз иштешүү жакшы жыйынтыкка алып келерин кошумчалады.