Airbus h145 тик учагы 9 күн ижарага берилбейт. ӨКМ себебин айтты

Кыргызстандык учкучтар эл аралык сертификат алуу үчүн машыгуудан өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. “Пилоттордун тоодо учуу өзгөчөлүктөрү” программасы боюнча даярдык иштери башталганына байланыштуу Airbus h145 учагы тогуз күн ижарага берилбейт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Машыгуу 23-31-март күндөрү болуп, кыргызстандык учкучтарды Швейцариядан Airbus компаниясы тарабынан келген учкуч-инструктор окутат.
Машыгуу маалындагы учуулар 2 500 метр бийиктикте болот, андан ийгиликтүү өткөндөргө эл аралык сертификат берилери белгиленди.
Ушуга байланыштуу 1-апрелге чейин Airbus h145 техникасын ижарага алууга мүмкүн болбойт.
Белгилей кетсек, Кыргызстан эки тик учак сатып алып, ӨКМдин балансына өткөрүлгөн.
Садыр Жапаров жаңы тик учактар кандай максатта колдонуларын түшүндүрдү