Өкмөт Кыргызстанга инвестор тартуунун дагы бир жолун тапты

Министрлер кабинети Кытайдын Кашгар бонд аймагы менен чек аралык электрондук коммерция долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берген документти бекитти.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Министрлер кабинети “Нарын” эркин экономикалык аймагында товарларды өткөрүү тартибин бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Бийлик бул ченемдик укуктук актыны кабыл алууда чек аралык электрондук соода боюнча Кытайдын Кашгар бонд чөлкөмү менен долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болорун айтат. Анда товарларды “Нарын” ЭЭАден Кашгар шаарынын бонд чөлкөмү аркылуу экспорттоого болот.
Бул Түркия, Россия, Беларусь, Бириккен Араб Эмирлиги жана башка өлкөлөрдөн инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгүн берет”, — деп айтылат маалыматта.
Министрлер кабинетинин жыйынында жалпысынан 13 маселе каралган, анын басымдуу бөлүгү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө болду.
Бонд чөлкөмдөрү (эркин соода зоналары) — бул атайын салык жана бажы режими бар аймактар.
"Асман" шаарын куруу боюнча дирекция президенттин Иш башкармалыгына өттү