Радио

Адвокат: милиция кармаган учурда жаран смартфонго тартууга укуктуу

Жактоочу Куватбек Шатманов жаран өзүнө тиешелүү маселеде милиция кармаган учурда видео, фотого түшүрүүгө укуктуу болорун айтты.
Sputnik
Административдик мыйзам бузуунун алкагында милиция кызматкери көчөдөн токтото турган болсо, адамдын баштан аяк видео, фотого түшүрүүгө укугуңуз бар. Бул тууралуу Куватбек Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жарандын смартфонго тартуусуна көпчүлүк учурда тартип сакчылары каршы болушат.
"Эгер сизди көчөдөн милиция токтотсо токтоткон жүйөсүн айтып өзүнүн кызматтык документтерин көрсөтүп, тааныштыргандан тарта видеого же фотого тартып алууга укугуңуз бар. Анткени маселе жарандын өзүнө тиешелүү болууда. Адатта окуяны смартфонго же башка тартуучу каражатка түшүрүп алышын тартип сакчылары каалабайт, ачык эле тыюу салган учурлар бар. Мындай абалда жаран өзүн жоготуп койбой тартканын уланта бериши керек. Аракетин мындан ары кандайдыр бир мыйзамсыз көрүнүштөр болуп кетсе өзүн коргоодо далил катары колдонору менен түшүндүрүшү зарыл", — деди Шатманов.
Адвокат ошондой эле жаран тартип сакчыларына сылык мамиле жасап жана алардын да өзүнө ушундай эле мамиле кылышын талап кыла аларын кошумчалады.