РФ соода өкүлү: Кыргызстандын дүкөндөрүндөгү товардын 40%ы Россиядан чыккан

Россиядан өндүрүлгөн продукция Кыргызстанга баасы жагынан, сапаты боюнча да туура келери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы дүкөн текчелеринде турган товардын 40 пайызга чукулу Россиядан чыккан. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов билдирди.
Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов
Ал "Россия Кыргызстандын кайсы тармагына инвестиция жасайт?" деп аталган брифингге катышкан.
Самановдун айтымында, россиялык продукция Кыргызстанга баасы жагынан да, сапаты боюнча да төп келет.
"Анализ жүргүзгөнбүз. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын дүкөндөрүндө турган товардын 40 пайызга чейинкиси россиялык продукция. Бул кубандырарлык көрүнүш", — деген соода өкүлү.
Ал Россиядан негизинен азык-түлүк, айыл чарба жана атайын техника, косметика, курулуш материалдары сатып алынарын кошумчалады.
Радио
Ибраев: Өзбекстан ЕАЭБге кирсе Кыргызстан менен соода-сатык жакшырат