Кыргызстандын бийлиги баалуу металлдарды тышка ташууга чектөө киргизди

Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандан баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды тышка ташып чыгарууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Кабыл алынган чечим жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Алты ай аралыгында өлкөдөн 500 килограммдан ашык баалуу металл менен товарды (баалуу металлды камтыган товар) өлкө аймагынан чыгарууга болбойт.
Анын негизги максаты ата мекендик зергерчилик тармакты коргоого жана баалуу металлдарды, курамында баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүдө ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Былтыр кыргыз алтынын кайсы тарап эң көп сатып алган. Тизме