Радио

Равшанбеков: монтаж ырахат гана тартуулабастан тарбия да берет

Монтажер Улукмырза Равшанбеков кинодогу монтаждын күчү тууралуу айтып берди.
Sputnik
Монтаж — бул кадрлардын бириктирилиши. Монтаж учурунда ийгиликсиз кадрлардын кемчиликтерин жашырып койсо болорун Улукмырза Равшанбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, монтаж учурунда ырахат гана эмес тарбия да алса болот.
"Кинодо монтаждын күчү жана ролу абдан чоң. Кадрларды тизип жатканда маанисин таптакыр башкача да кылып койсо болот. Сценарий менен тартылган видеолор монтажга келгенде 180 градуска өзгөрүп кетиши да толук мүмкүн. Бул техникалык жагы. Ал эми чыгармачыл жактан алып караганда монтажер сценарийдеги айта турган ойду сезе билиши керек. Монтаждын түрлөрү абдан көп. Жеке мага динамикалуу монтаж жагат. Андан тажабайт. Көрүүчүнү өзүнө тарта алат. Монтаж мага ырахат гана тартуулабастан тарбия да берет. "Агай" сериалын монтаждап жатканда агайдын көп сөзү эсте калды. Негизи эле буга чейин иштеген долбоорлорумдагы диалогдорду эң көп мен кайталап уксам керек. Кесипкөйлүк жактан алгач университеттен, андан кийин режиссёр менен иштешкенде тарбияланат экенсиң", — деди монтажер.
Ал ошондой эле монтаж сөз байлыктын кеңейишине да канчалык бир деңгээлде салым кошо турганын кошумчалады.