Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ элчилиги: Киевге акталган уран кошулган ок-дарылардын берилиши абалды курчутат

Элчилик Лондонго "Россиянын жеңилишине" жетишүү үчүн кооптуу чийинден да өтүп, өтө эле аракет кыла берүүдөн четке болууну эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Улуу Британиянын Украинага акталган ураны бар ок-дарыларды бергени кырдаалды ого бетер олку-солку кылат жана эл аралык мыйзамдарга каршы келет. Бул тууралуу РИА Новости РФтин Лондондогу элчилигине шилтеме берип жазды.
Буга чейин Британиянын коргонуу министринин орун басары Аннабель Голди анын өлкөсү Украинага акталган ураны бар ок-дарыларды берерин жар салган.

"Улуу Британиянын Коргонуу министрлигинин акталган ураны бар снаряддарды Украинага өткөрүп берүү планын тастыктаганын чыр-чатактын мындан ары курчушун шарттаган кадам катары карайбыз. Британиянын Киевге мындай өзгөчө сезгич, кооптуу куралдарды беришин мындан аркы абалды татаалдатып, өз ара сүйлөшүүлөрдүн алгылыктуу чечимге келүү мүмкүнчүлүгүн алыстатат. Эл аралык нормаларга каршы келет", — деп айтылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Анда Британия мындай кадамы менен "чатак болгон аймактын элине карата болушунча зыян келтирип, кыйратууну" тандаганы, бул аталган өлкө өкмөтүнүн "кошумча цинизм" менен "Украинаны калыбына келтирүүгө" көмөктөшүүгө даярдыгын көрсөтөрү айтылган.
"Жалпысынан алганда Украина Улуу Британия үчүн биздин өлкө менен каршылашууга тандалган полигон гана болуп жатканы далилденди. Лондонго "Россиянын жеңилишине" жетишүү үчүн кооптуу чийинден да өтүп, өтө эле аракет кыла берүүдөн четке болууну эскертебиз", — деп билдиришкен дипломатиялык корпустан.
Акталган уранды танк снаряддарына колдонуу биринчи жолу нацисттик Германиянын тыгыз вольфрамга муктаждыгынан улам жаралган. АКШ мындай снаряддарды 1970-жылдары советтик жаңы танкаларга карата колдонуу үчүн иштеп чыга баштаган. Бүгүнкү күндө алар америкалык Abrams окторунун согуштук комплектилеринде бар. Аны менен катар эле немецтик Leopard 2 жана британиялык Challenger 2де колдонулушу мүмкүн.
АКШнын куралдуу күчтөрү мындай снаряддарды Югославияны бомбалоодогу "Чөлдөгү бороон" деп аталган согуштук операцияда колдонгон. Андан сырткары, 2003-жылы Иракка кирүүдө да пайдаланышкан.
АКШнын Колорадасындагы тоо мектебинин изилдөөчүсү Суад Аль-Аззави Американын Иракта ак фосфор менен аз курамдагы уранды колдонуусу аталган аймактарда рак ооруларынын алты эсе өсүшүнө алып келгендигин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Лондон Киевге акталган уран кошулган снаряд ташыса кесепетин өзү тартат