Бишкекте өтө турган көргөзмөгө РФ компанияларынын катышуусу күтүлүүдө

Бишкекте апрель айында эки ири көргөзмө өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Жакында Бишкекте өтө турган эки көргөзмөгө бир катар россиялык компаниялардын катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов билдирди.
Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Россия Кыргызстандагы кайсы багыттарга инвестиция жасайт" аттуу брифингге катышкан.
"Биз Бишкекте өтө турган эки ири көргөзмөгө даярданып жатабыз. 4-6-апрелде MedExpo Kyrgyzstan, 18инен 20-апрелге чейин KyrgyzBuild көргөзмөсү өтөт. Буга көптөгөн россиялык компаниялардын катышуусу күтүлүүдө. Муну менен катар бириктирилген аймактардын стенддери коюлат. Новосибирск, Омск, Липецк жана Свердлов облустары катышат", — деди Саманов.
Ал ошондой эле соода өкүлчүлүк Кыргызстандагы көргөзмөлөргө көптөгөн россиялык компаниялардын катышуусун камсыздоо үчүн аракет кылып жатканын кошумчалады.
Бишкекте Sputnik Кыргызстандын сүрөт көргөзмөсү ачылды. Видео