Беларустагы Хатынь трагедиясына 80 жыл толду

Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Беларустагы Хатынь трагедиясына 80 жыл толгонун Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
1943-жылдын 22-мартында немецтер украин улутчулдарынан түзгөн жазалоочу отряд айылды жана анын дээрлик бардык жашоочуларын тирүүлөй өрттөгөн.
Бүгүнкү күндө Беларусь мамлекети Россиядан согуш мезгилдеринде беларусь элин геноцид кылуу аракеттерин иликтөөгө укуктук жактан жардам берүүнү суранып жатат.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 400дөн ашык улутчул жана алардын шериктери тирүү. Минск эл аралык келишимдердин алкагында аларды өткөрүп берүүнү талап кылууда.
Корюковка трагедиясы: 80 жыл мурда фашисттердин курмандыгы болгондор. Видео