Баткен: сот таякесин бычактап өлтүргөн жээнин 13 жылга кести

Айыпталуучу буга чейин бир нече жолу соттолгон. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Сот 2022-жылдын март айында Баткен ОИИБдин жетекчисинин орун басары Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектелип кармалган анын жээнин 13 жылга эркинен ажыратты. Маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Баткен облустук соту тастыктады.

"35 жаштагы айыпталуучу Баткен райондук сотунун өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча күнөөлүү деп табылган. Кылмыш-жаза кодексинин 78-беренеси ("Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо") боюнча мурда дайындалган жазасы кошулуп, айыпталуучу 13 жылга эркинен ажыратылды”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2022-жылдын 27-март күнү саат 11:17лер чамасында милицияга Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө көкүрөгүнөн жаракат алган 49 жаштагы М.А. аттуу жарандын каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Териштирүүнүн жүрүшүндө маркумду 34 жаштагы жээни Н.С. учтуу нерсе менен көкүрөккө сайгандыгы аныкталган. Шектүү мурда бир нече жолу соттолуп, кылмыш жазасынан жаңы эле бошоп келген. Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында жашынып жүргөн жеринен кармалган шектүү менен кошо ыкчам тергөө тобу кылмышка тиешеси бар шериктерин да колго түшүргөн.
Баткен ОИИБдин жетекчисинин орун басары Аскарали Мухамадиев каза тапты