БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. "Асман" шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясын президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Мындай кадам бюджеттен тышкаркы каражаттын эсебинен "Асман - экологиялык таза шаары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча чечимдерди ыкчам кабыл алуу максатында жасалганы айтылды.
"Асман" шаарын куруу
2021-жылдын июль айында президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна караштуу Тору-Айгыр айылына жакын жерде 500 миң адамга ылайык инновациялык "Асман" шаарын куруу пландалып жатканын кабарлаган. Бийлик "Асман" Кыргызстандын экономикалык жана туристтик борбору болорун айткан. Болочок шаардын долбоордук чечимдерин иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык топ түзүлгөн болчу.
2022-жылдын январь айынын башында Elite House курулуш фирмасынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев "Асман" экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалган. Бирок ошол эле жылдын апрель айында анын ордуна Руслан Акматалиев келген.