БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Америкалык биологиялык лабораториянын атын жамынып Украинада НАТОнун аскерий объектилери иштеген. Бул тууралуу Мамдуманын вице-спикери жана биолабораториялардын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча комиссиянын теңтөрайымы Ирина Яровая билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биздин иликтөө Украинада биолаборатория делип АКШ менен НАТОнун аскер базалары түзүлгөнүн тастыктады. Бир жагдайга көңүл бургубуз келет. Башка мамлекеттин суверендүү аймагына аскердик база жайгаштыруу үчүн көзөмөлгө алынган олуттуу негиз керек, бирок аскердик биологиялык лаборатория түзүү АКШга эл аралык макулдашуунун баарынан кыйгап өтүүгө жол ачкан", — деп айтылат Федералдык кеңештин төмөнкү палатасынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
Документте кызматкерлер ал жерде биоагенттерди сынап, алардын патогендүүлүгүн жана "жеткирүүнүн жолдору менен анын башка касиеттерин" изилдеп келгени айтылат.
"Өлкө мамлекеттерин аскерий-биологиялык жактан өздөштүрүүгө Пентагон менен америкалык атайын кызматтар эле эмес аларга караган, алар көзөмөлдөгөн корпорациялар да тартылган. АКШда кош стандарттуу 400дөй биологиялык лаборатория түзүлгөн. Алардын жардамы менен алынган иликтөөнүн жыйынтыктары америкалыктар эпидемияларды жаратып, таратууга жол ачкан", — деп айтылат маалыматта.
Яроваянын айтымында, Вашингтон "Украинада тышкы башкаруудагы ар кандай структураларды түзүүгө өзгөчө кызыкдар болуп келген".
Федералдык кеңештин Украина аймагында америкалык адистер тарабынан биологиялык лабораториялардын түзүлүшүнө байланыштуу жагдайды иликтөө боюнча парламенттик комиссияны Мамлекеттик дума түзгөн. Анын курамына 14 депутат жана 14 сенатор кирет.
Комиссия бир добуштан бекитилген жыйынтыктоочу доклад даярдаган.
Федерация кеңеши менен Мамлекеттик дума буга чейин ар кыл өлкөдөгү мыйзам чыгаруучуларды АКШнын конгрессинен америкалык биолабораториялардын башка мамлекеттердеги иши боюнча маалымат алууга чакырган.