Радио

Быйыл 1,5 млрд. сомго техника лизингге берүү пландалууда

Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов фермерлерди техника менен камсыздоо тууралуу айтып берди.
Sputnik
Былтыр үч миллиард сомдон ашык каражатка 983 айыл чарба техникасы лизингге берилди. Бул тууралуу Нурланбек Кожогулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл 60 айыл чарба техникасы 272 миллион сомго берилип, бул иш жыл соңуна чейин уланат.
"Жазгы талаа иштерине даярдыкты дыйкандар күзгү оруп-жыюу бүткөндө эле баштаган. Анткени айыл чарба өндүрүшү тынымсыз, кайталанган процесс болуп саналат. Былтыр фермерлерди айыл чарба техникасы менен камсыздоо боюнча үзүрлүү жыл болду. Алсак, өткөн жылда үч миллиард сомдон ашык каражатка 983 айыл чарба техникасы лизингге берилди. Ал эми быйыл 272 миллион сомго 60 айыл чарба техникасы лизингге берилип, бул иш жыл соңуна чейин уланат. Учурда агроөнөр жай комплексин каржылоо долбоору өкмөттө каралууда. Ага ылайык, 6,5 миллиард сом бөлүнөрү болжолдонуп жатат. Ушунун ичинен 1,5 миллиард сом айыл чарба техникасынын лизингине бөлүү каралууда. Ал жылдагыдай эле 10 пайыздык өз салымын кошкон бардык дыйкандарга жети жылга чейинки мөөнөткө алты пайыз менен берилет", — деди Кожогулов.
Ошондой эле ал соңку жылдардагы экономикалык жагдайдан улам айрым техникалар 30-40 пайызга чейин кымбаттаганын кошумчалады.