Путин менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунда эмнелер айтылды. Маанилүү учурлары

Кытай лидеринин Москвадагы сапары 22-мартка чейин уланат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүдө бир катар билдирүүлөрдү жасады.
Россия лидери эмне деди:
Россия өлкөдөн чыгып кеткен Батыштын ишканаларынын ордуна кытайлык бизнести жайгаштырууга даяр;
Москва менен Пекин жасалма интеллект жана маалыматтык өнүктүрүү жаатында дүйнөлүк лидер боло алат;
Өлкөлөр “Түндүк деңиз жолу” долбоору боюнча жумушчу орган түзөт;
Россия Азия жана Латын Америка өлкөлөрү ортосунда соода жүргүзүүдө юань колдонууну кубаттайт;
Батыш спортту саясий басым кылуу үчүн курал катары колдонуп жатканда Россия менен Кытайдын спорттук байланыштары өзгөчө мааниге ээ болот.
Кытайдын төрагасынын билдирүүсү:
Жалпы күч-аракеттердин арты менен Россия — Кытай мамилелери кубаттуу жана туруктуу динамикада өнүгүп баратат. Эки өлкөнүн ортосунда саясий өз ара ишеним бекемделип, жалпы кызыкчылыктар көбөйүп жатат;
Россия менен координацияны чыңдоого даярбыз.
Белгилей кетсек, Си Цзиньпин РФ президентинин чакыруусу менен 20-март күнү Москвага мамлекеттик сапар менен келген. Бул анын Кытайдын башчысы болуп шайлангандан кийинки чет өлкөгө жасаган биринчи сапары. Лидерлердин формалдуу эмес жолугушуусу дүйшөмбү күнү кечинде башталып төрт саатка созулган. Ал Москва менен мамилени бекемдөө жана өнүктүрүү Пекиндин стратегиялык тандоосу болуп эсептелерин билдирген. Кытай лидеринин сапары 22-мартка чейин уланат.
Си Цзиньпин эмне себептен биринчи сапарын Россияга жасаганын айтты