Путин менен Си Цзиньпин жолугушуудан кийин билдирүү жасады. Урунттуу учурлары

Эки мамлекеттин тең башчылары сүйлөшүү конструктивдүү өткөнүн белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин кеңейтилген курамдагы жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу билдирүүлөрдү жасады. Маалымат РИА Новости агенттигинен алынды.
Россия лидери эмне деди:
Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жана конструктивдүү өттү. Россия менен Кытайды бекем жолдор байланыштырат. Лидерлер туруктуу байланышта болуп турат;
Кол коюлган документтер Россия менен Кытайдын мамилелеринин жогорку деңгээлин көрсөтөт;
Сооданын көлөмүн көбөйтүү тапшырмасы коюлду, ошондой эле Кытайга суюлтулган газ менен мунайдын экспорту кеңейтилет;
Кытайлык кесиптешим менен биргеликте дүйнөдөгү чыңалуунун курчуп жатканын жана адилетсиз санкциялардын практикасын белгиледик;
Кытайдын Украина боюнча планы Батыш менен Киев даяр болсо жаңжалды чечүүнү колго алышы мүмкүн;
Киевге уран кошулган снаряддарды жеткирүү планы Батыштын акыркы украин жараны калганга чейин Россия менен согушууну чечкенинен кабар берет. Жамааттык Батыш өзөктүк компоненттерден турган куралдарды колдонууну баштаса Россия чара көрүүгө аргасыз болот.
Кытай лидери эмне деди:
10 жылдан бери Путин менен тыгыз байланышта болуп, стратегиялык маселелер боюнча кызматташып турабыз;
Сүйлөшүүлөр жемиштүү болду, Россия менен бардык багыттар боюнча мындан аркы кызматташуунун планы бекитилди;
Өлкөлөр ортосундагы байланыштар эки тараптуу мамиле алкагынан чыгып, дүйнөлүк тартип үчүн чоң мааниге ээ болду;
Кытай Украина маселесинде тынчтыкты жана диалогго барууну жактайт.
Белгилей кетсек, Си Цзиньпин РФ президентинин чакыруусу менен 20-март күнү Москвага мамлекеттик сапар менен келген. Бул анын Кытайдын башчысы болуп шайлангандан кийинки чет өлкөгө жасаган биринчи сапары. Лидерлердин формалдуу эмес жолугушуусу дүйшөмбү күнү кечинде башталып төрт саатка созулган. Ал Москва менен мамилени бекемдөө жана өнүктүрүү Пекиндин стратегиялык тандоосу болуп эсептелерин билдирген. Кытай лидеринин сапары 22-мартка чейин уланат.
Путин менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунда эмнелер айтылды. Маанилүү учурлары