Ош шаардык билим берүү башкармалыгында өрт чыгып, чатыры күйүп кетти. Сүрөт

Бүгүн таңда болжол менен саат 5:30да бир бөлмөдөн өрт чыгып, жалын чатырына жармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Ош шаардык билим берүү башкармалыгында өрт чыгып, бир кабинети жана чатыры күйүп кетти. Маалыматты аталган мекеменин жетекчиси Салтанат Аманова тастыктады.
1 / 4

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында өрт чыгып, бир кабинети жана чатыры күйүп кетти

2 / 4

Бүгүн таңда болжол менен саат 5:30да бир бөлмөдөн өрт чыгып, жалын чатырына жармашкан

3 / 4

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында өрт чыкты

4 / 4

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында өрт чыкты

Анын айтымында, бүгүн таңда болжол менен саат 5:30да бир бөлмөдөн өрт чыгып, жалын чатырына жармашкан.

“Чатыры толук күйгөн жок, өрттү өчүрүү үчүн үстүнүн баарын ачууга туура келген. Негизи биздин имарат өтө эски, фин тибинде салынган. Эки күн мурда шаар мэри келип, жакында жаңы имаратка көчүрүүнү убадалаган эле. Мунун дубалдары жыгачтан тургузулуп, ортосуна стекловата коюлгандыктан катуу ысыганда күйүп кетет экен. Бир жолу күндүз ошентип өрт чыкканда дароо көрүп өчүрүп калганбыз. Азыр да ошондой болдубу же электр зымдарынан чыктыбы, айта албайм”, — деди Аманова.

Мындан сырткары, ал соцтармакта “прокуратура Шаардык билим берүү башкармалыгын текшерип жаткан” деген маалыматты четке какты.
“Бизди учурда прокуратура текшерип жаткан эмес. Өрт чыккан кабинетте да маанилүү документтер болгон, бирок аны калыбына келтирсе болот. Эң маанилүү делген бухгалтериядагы документтер күйгөн жок. Ошого сүйүнүп жатабыз”, — деди башкармалыктын жетекчиси.
Аксыдагы ооруканада өрт чыгып, ичиндегилер эвакуацияланды. Видео