Бишкекте Нооруз кандай белгиленди. Видео

Иш-чара концерттик программа менен уланды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамы белгиленди. Иш-чара жаратылыштын ойгонушу, жаздын келиши жана жаңы жашоонун башталышы тууралуу театралдаштырылган пролог менен башталды.
Андан кийин мамлекет башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөз сүйлөп, Нооруз эзелтен бери достуктун, биримдиктин майрамы катары белгиленип келгенин айтты.
Салтанатка президент, биринчи айым Айгүл Жапарова жана башка аткаминерлер, дипломаттар катышты. Алар аянтка орнотулган чакан боз үй шаарчасын кыдырып, республиканын жети дубанынан келген ата мекендик кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышып, майрамдык сүмөлөктөн ооз тийишти.
Иш-чара концерттик программа менен уланды.
Нарындын борбордук аянтында 2 казан сүмөлөк кайнатылып, элге таратылды. Сүрөт