Нарындын борбордук аянтында 2 казан сүмөлөк кайнатылып, элге таратылды. Сүрөт

Кечээ аянтка жасалгалуу боз үйлөр тигилип сүмөлөк, көжө бышыра башташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, шаардык кеңештин төрагасы Автандил Молдосалиев катышкан.
1 / 7

Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нооруз майрамы белгиленди

2 / 7

Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, шаардык кеңештин төрагасы Автандил Молдосалиев катышкан

3 / 7

Майрамдык салтанатта Ноорузда жасалчу ырым-жырымдар, салт болуп калган дан айдоо, тилек айтып сүмөлөк ооз тийүү, аластоо болду жана сахналаштырылган оюн-зоок, концерт коюлду. Улуттук оюндар ойнолуп, ыр-күүлөр жаңырды.

4 / 7

Кечээ, 20-мартта, аянтка жасалгалуу боз үйлөр тигилип, сүмөлөк, көжө бышыра башташкан

5 / 7

Эки казан сүмөлөк таң аткыча кайнатылып, бүгүн эртең менен майрамга келген элге таратылды

6 / 7

Аны менен катар улуттук кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана улуттук тамак-аш көргөзмөсү уюштурулду

7 / 7

Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нооруз майрамы белгиленди

Майрамдык салтанатта Ноорузда жасалчу ырым-жырымдар, салт болуп калган дан айдоо, тилек айтып сүмөлөк ооз тийүү, аластоо болду жана сахналаштырылган оюн-зоок, концерт коюлду. Улуттук оюндар ойнолуп, ыр-күүлөр жаңырды.
Кечээ, 20-мартта, аянтка жасалгалуу боз үйлөр тигилип, сүмөлөк, көжө бышыра башташкан. Эки казан сүмөлөк таң аткыча кайнатылып, бүгүн эртең менен майрамга келген элге таратылды.
Аны менен катар улуттук кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана улуттук тамак-аш көргөзмөсү уюштурулду.
Нооруз — жаңылануунун майрамы. Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктады