Си Цзиньпин: Москва менен мамилени бекемдөө — Пекиндин стратегиялык тандоосу

Си Кытай менен Россия дүйнөдөгү көп полярдуулукту, эл аралык мамилелерди демократизациялоону колдой турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Москва менен мамилени бекемдөө жана өнүктүрүү Пекиндин стратегиялык тандоосу болуп эсептелет. Бул багыт өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон формалдуу эмес жолугушууда айтканын Кытайдын ТИМи билдирди.
Си Цзиньпин РФ президентинин чакыруусу менен 20-март күнү Москвага мамлекеттик сапар менен келди. Бул анын Кытайдын башчысы болуп шайлангандан кийинки чет өлкөгө жасаган биринчи сапары. Лидерлердин формалдуу эмес жолугушуусу дүйшөмбү күнү кечинде башталып төрт саатка созулду. Шейшембиде тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

“Эки ири коңшу мамлекет бири-бирин тышкы дипломатиядагы эң маанилүү өнөктөш катары карайт. Кытай ар качан көз карандысыз тышкы саясатын жүргүзүп келет. Россия менен мамилени бекемдеп өнүктүрүү — Кытайдын стратегиялык тандоосу”, — деди Си Цзиньпин.

Ал Кытай менен Россия дүйнөдөгү көп полярдуулукту, эл аралык мамилелерди демократизациялоону колдой турганын белгилеген. Си эки тарап тең түрдүү багыттар боюнча кызматташууну тереңдетип, БУУнун алкагында жана башка көп багыттуу аянттарда кызматташууну бекемдеши керектигин жана дүйнөдө тынчтык менен туруктуулуктун түркүгү болуу зарылдыгын кошумчалаган.
Путин менен Си Цзиньпиндин тар чөйрөдө жолугушуусу. Эмне тууралуу сөз болду