Очогу Афганистанда. Кыргызстанда жана бир нече өлкөдө жер титирегени сезилди

Шымкенттин тургундары коркконунан сыртка качып чыккан видео жарыяланды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстандын ар аймагында жашаган тургундар социалдык тармактарга жер титирегенин жазышууда.
Кээ бир жарандар катуу эле сезилгенин, башкалары асма шамдар чайпалып кеткенин айтып жатат.
Европа Жер ортолук деңизи сейсмологиялык борборунун (EMSC) сайтында Бишкек убактысы боюнча саат 22:47де Афганистанда магнитудасы 6,5ке жеткен жер титирөө катталганы маалымдалды.
ЖМКлар Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия жана Пакистанда дагы жер силкингенин жазышты.
Казакстандын маалымат каражаттары Шымкенттин тургундары жер титирегенде сыртка качып чыккан видеону жарыялады.
Душанбе шаарынын чок ортосундагы көп кабаттуу үйдө жашаган тургундар эвакуацияланып жатканы кабарланды.
Радио
Кыргызстанда сейсмикалык кооптуулукту аныктаган жаңы карта түзүлөт