Коронавирус жуктурган кош бойлуу аял аны оор көтөрөт. Эмне кылуу керек?

Боюнда бар кезде алынган коронавируска каршы эмдөө энени жана баланы бир нече айга чейин коргой турганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кош бойлуу аял COVID-19 оорусуна чалдыкса, анда ооруну оор өткөрүү тобокелчилиги жогору. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Министрлик аялдарды кош бойлуу учурунда вирустан сактанууга чакырды.
"Кош бойлуу кезде алынган коронавируска каршы эмдөө энени жана баланы бир нече айга чейин коргойт. Дарыгериңиз менен COVID-19га каршы эмдөө мүмкүнчүлүгүн талкуулаңыз", — деп айтылган маалыматта.
Вакцинадан кийин да оорулардын алдын алуу чараларын сактоо шарт:
колду самындап жууп туруу же антисептик колдонуу;
эл көп чогулган жерлерде бет кап тагынуу;
жөтөлүү жана чүчкүрүү эрежелерин сактоо (салфеткага чүчкүрүү же чыканакты тосуу);
көздү жана мурунду кармабоо;
эл көп топтолгон жерлерден алыс болуу;
бөлмөлөрдү желдетүү.
Мындан ары коронавирустан коркпой эле койсо болобу? Эпидемиологдун жообу