Ийгиликтүү эркек аялдарда жактырган төрт сапат

Адистин айтымында, эркек канчалык "тереңдеген" сайын жанындагы аялга талабы күчөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кээ бир айымдар ийгиликтүү эркекке жагуу үчүн сулуу, назик, ачык-айрым болуу жетиштүү деп эсептешет. Бирок өзү бир топ бийиктиктерди багындыра алган эркекке андан башка нерселер дагы маанилүү экенин психолог Каролина Сафина "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде айтып, урунттуу төрт сапатты санап берди.

"Жеңил" аялдар

Өткөн-кеткенден бошоно албай, ийгиликсиз бүтүп калган мамилелер үчүн ар дайым кимдир бирөөнү күнөөлөп, бушайман болуп жашаган аялдардан жаа бою качышат. Анткени бул нерсенин баары жашоону татаалдатат. Андыктан ийгиликтүү эркектер таарыныч, негативдүү ойлордон бат арылып, алдыга карап жашаган аялдарды жактырат.

Кайраттуулук

Турмушта туура тандоо кылып, максатка жете билүү үчүн адамдан кайрат, чыдамкайлык жана салкын кандуулук талап кылынат. Кайраттуу аял эмоционалдуу чечим кабыл албайт, анткени эмоция ашып-ташып турганда мээ иштебей каларын түшүнөт. Демек, жашоодо каталар азыраак кетет.

Аз-маз өзүмчүлдүк

Мындай аял өзүнө пайдасыз же ыңгайсыз иштерди кылбайт. Керектүү учурда "жок" деп айта алат. Жыйынтыгында анын нерви, эмоционалдык абалы жайында болот. Бул нерсе үй-бүлө үчүн абдан маанилүү.

Максатты коё билүү

Учурда эмнени каалап жатканын жана келечекте эмнеге жеткиси келгенин так түшүнөт. Ошондой эле максатына жетүү үчүн эч бир тоскоолдуктардан, башкалардын кеп-сөзүнөн коркпойт.
Сүйлөшүп жүргөн жигиттен тиран күйөө чыгарын кантип билсе болот? Адистин жообу