Эрдоган Түркиянын президенттик шайлоосуна талапкерлигин койду

Президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайип Эрдоган “Республикалык альянстан” жалгыз талапкер катары шайлоого катышары расмий жарыяланды. Тийиштүү арыз Жогорку шайлоо кеңешине тапшырылганын РИА Новости жазды.
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленген. Эрдогандын негизги аттандашы оппозициялык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу болууда.
Түркиянын расмий гезитине жарыяланган шайлоонун календарына ылайык, президенттикке талапкерлердин арызы 19-марттан 23үнө чейин кабыл алынат. Учурдагы парламентте жок партиялар талапкер көрсөтүү үчүн 22синен 27-мартка чейин шайлоочулардын 100 миң колун чогултушу шарт.
31-мартта Жогорку шайлоо кеңеши талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялап, үгүт иштери башталат.
Казакстан: Мажилиске шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты