БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Биринчи айым Айгүл Жапарованын жаңы образы көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Ал Ноорузга карата Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында өтүп жаткан майрамдык иш-чарага элечек кийип келген.
Салтанатта президент Садыр Жапаров улуттук кийимчен жеткинчек кызды, биринчи айым баланы жетелеп эл астынан өттү.