Радио

Болжурова: баланы тарбиялоодо ата-эненин ролун жогорулатуу зарыл

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова мектепке чейинки билим берүүнү дагы карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Sputnik
Баланы тарбиялоодо ата-эненин ролун жогорулатуу зарыл. Анткени анын баары азыр педагогдорго жүктөлүп калды. Бул тууралуу Ишенгүл Болжурова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-эне үйдө отурса деле уул-кыздарын бала бакчага жөнөтүүдө.
"Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин куруу маселесин карап чыгуу зарыл. Совет доорунда 95-99 пайыз ата-эне иш менен камсыздалган. Ошондуктан балдарын бала бакчаларга беришчү. Алар болсо педагогикалык, психологиялык, медициналык, санитардык жагынан талаптагыдай боло турган. Учурда өзгөчө айылдарда 80 пайызга чейин аялдар үйдө отурат. Демек, ошончо бала бакачаларды мамлекеттин куруп жатканы туурабы? Анда бала тарбиялоодогу ата-эненин орду кайда калат? Ошондуктан ата-эненин ролун жогорулатуу зарыл. Ал эми азыр тарбияны, билим берүүнү педагогдорго жүктөп салдык. Ошондой эле айрым аймактардагы мектептерде балдар класстарга 100 пайыз толбойт. Ошондуктан демографиялык жактан изилдөө жүргүзүү зарыл", — деди Болжурова.
Ошондой эле ал шаарлардагы мектептердин, өзгөчө жаңы конуштагылардын билим сапатын жогорулатуу зарыл экенин кошумчалады.