ЖКККББ: коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да жоопкерчиликке тартылат

Учурда милициянын баркына доо кетирген кызматкерлерден тазалануу иштери жүрүп жатканы, бирок айдоочулар дагы коррупциялык аракеттерге себепчи экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы коррупцияга себепкер болгон айдоочулар дагы кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти.
Билдирмеде президенттин талабы боюнча ЖКККББнын өздүк курамында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, милициянын баркына доо кетирген кызматкерлерден тазалануу иштери жүрүп жатканы айтылат.
"Алардын ээлеген кызматына, көп жылдык тажрыйбасына жана кадыр-баркына карабастан иш катуу жүргүзүлүп жатат. Бирок жол эрежесин бузгандыгы үчүн маселени жеринен чечүүгө аракет кылып кызматкерлерге акча сунуштап, коррупциялык элементтерге өздөрү себепчи болгон айдоочулар дагы Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартыла турганын эскертебиз", — деп жазылган маалыматта.
Мындай аракеттерге барган айдоочуларга 30-50 миң сомго чейинки айып пул жазуу же эки жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө жаза каралганы белгиленди.
Ашыкча жүк жүктөп алган айдоочуларга рейд жүрүп 2,6 млн. сом айып салынды