Радио

Мекен-карт алган жаран кандай жеңилдиктерге ээ болот? Адистин түшүндүрмөсү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин диаспора жана мекендештер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Кымбат Кадыралиева мекен-карт ээлери бир топ артыкчылыктарга ээ болорун айтты.
Sputnik
Документ 10 жылга берилет жана аны берүү үчүн атайын мекемелер аралык комиссия түзүлөт. Ага Калкты каттоо кызматынан, Санариптик өнүктүрүү министрлигинен, ИИМден жана УКМКдан өкүлдөр мүчө болот. Бул тууралуу Кымбат Кадыралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мекен-карт алган чет өлкөлүктөр Кыргызстанга визасыз кирип-чыга алат.

"Бул документти алгандар үчүн бир топ жеңилдиктер каралган. Мекен-карты барлар өлкөбүзгө визасыз кирип-чыга алат. Транзит менен жүрүү жана орун которуу укугуна ээ болушат. Жеке компанияларда иштегенге мүмкүнчүлүк жаралат. Бирок аларга мамлекеттик, муниципалдык жумуштарда кызматкер болууга болбойт жана шайлоого катыша албайт. Уруксат кагазын албай туруп туруктуу жашаса болот. Билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы кызматтардын акысын Кыргызстандын жарандарындай эле төлөөгө шарт түзүлөт. Кыргызстандын чек арасынан өткөн учурдан тарта 90 жумушчу күндүн ичинде турган жери боюнча каттала алат", — деди Кадыралиева.

Ал мекен-карттын убактысы бүткөн учурда кайра мөөнөтүн узартып алса болорун кошумчалады.