Радио

Жукушев: мамлекеттик символдорду спирт ичимдиктерине колдонууга тыюу салыш керек

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын метрологиялык көзөмөл боюнча башкармалыгынын башкы адиси Төрөбай Жукушев мамлекеттик символдордун маанилүүлүгүн коомчулук жетиштүү деңгээлде түшүнбөй жатканын айтты.
Sputnik
Желек менен гербдин сүрөтүн тамекиге жана спирт ичимдиктерине колдонууну токтотуш керектигин Төрөбай Жукушев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик символдорго болгон сый-урматты күчөтүү шарт.
"Желектин кийимдерге түшүрүлгөндүгү боюнча мыйзамда эч кандай маалымат жазылган эмес. Бирок, жеке пикиримде, мамлекеттик символдорду спирт ичимдиктерине жана тамекиге колдонгон туура эмес. Бул нерсеге тез арада тыюу салуу керек. Айрым өлкөлөрдө мындай көрүнүштөргө жол берилбейт. Биз дагы герб, туу жана гимнге болгон сый-урматты күчөтүшүбүз шарт. Анткени мамлекеттик символдор — мамлекеттин күзгүсү. Ошондуктан аталган маселеге кылдаттык менен мамиле жасоого жалпы коомчулукту да чакырам", — деди Жукушев.
Ал мамлекеттик болобу, жеке болобу ар бир мекемеде мамлекеттик символдор техникалык жактан катасыз колдонулушу керектигин кошумчалады.