Экс-спикер Талант Мамытов менен журналисттин "кармашы". Сүрөттөгү 15 ирмем

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков менен ЖК депутаты Талант Мамытов "Таймашуудагы маек" долбоорунун алкагында бокстук беттеш өткөрүштү. Кармаш эки мүнөттөн беш раундга созулду.
Sputnik
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери чабуул жасоодо жана коргонууда активдүү болду. Мамытов — ушу-саньда боюнча спорт чебери, ошондой эле кикбоксинг менен да алектенген.
"Таймашуудагы маек" — бокстук беттешүүнү камтыган маек. Ага ар тармактагы таанымал адамдар чакырылат. Беттешүү учурунда конок психологиялык тоскоолдуктарды жеңип, маектешке толук ачыла алат деп ишенебиз. Таймашта капталга согууга гана уруксат берилет.
1 / 15

Талант Мамытов: "Беттеш алдында беш раунддун аягына чейин жетемби деп ойлондум"

2 / 15

Саясатчы таймаш камтыган маекке үч-төрт күн даярданып, дене боюн түздөп, дем алуусун ачканын айтты

3 / 15

ЖКнын экс-спикери, депутат Талант Мамытов менен Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбеков "Таймашуудагы маек" долбоорунун видеосун тартуу маалында

4 / 15

Мамытов жаштайынан каратэ менен алектенип, кийин ЖОЖго тапшырганда кикбоксинг менен машыгып баштаган

5 / 15

Талант Мамытов ушу-саньда боюнча спорт чеберлигине жеткен

6 / 15

Талант Мамытов: "Саясат ыплас деп айтышат эмеспи, көпчүлүк учурда бардык нерсе жеке кызыкчылык үчүн же кандайдыр бир саясий топтун пайдасы үчүн чечилет..."

7 / 15

Талант Мамытов: "Мен кошомат кылганды билбейм. Коомдо талкууланып жаткан маселелерди ачык айтам".

8 / 15

Талант Мамытов менен Эркин Алымбеков бокстук беттешүүдө

9 / 15

Талант Мамытов: "Бокстун техникасы — чабуу кылуу жана коргонуу. Эгерде коргонгонду билбесең жөн эле уруп түшүрүшөт, андыктан улам жылып коргонуу керек".

10 / 15

Талант Мамытов: "Мыйзам боюнча баяндамачы мамлекеттик дагы, расмий дагы тилде чыгып сүйлөй алат. Ага тыюу салуу мыйзам бузуу болуп саналат. Баяндамачы кыргызча билбесе орус тилинде чыгып сүйлөгөнгө укугу бар".

11 / 15

Бокстук беттеш кызыган маал. Тер төккөн саясатчы менен журналист...

12 / 15

Талант Мамытов: "Мен саясатка органдардан келдим. Башында көп нерсе түшүнүксүз эле. Парламенттеги ызы-чуу, талаш-тартыштар, чыккынчылык жана башка нерселер... Көнүп кетүү оор болду, бирок мен өзүмчө жыйынтык чыгардым".

13 / 15

Талант Мамытов: "Уулума эң негизгиси бул жашоону татыктуу жашап, жакшы адам болуш керек деп айтам"

14 / 15

Талант Мамытов: "Биринчи автоунаам "Жигулини" 22 жашымда алгам. Негизги сумманы өзүм иштеп тапкам (анда базарда такси айдачумун), калганына ата-энем жардам берген".

15 / 15

Талант Мамытов: "Долбоор мага жакты. Беш раунддан кийин адам чындыгында ачылат экен. Пайдалуу жана жагымдуу нерсени айкалыштыруу кызык болду".

Тема боюнча:
Журналист айтылуу Орзубек Назаров менен беттешти. Рингдеги кызыктуу сүрөттөр