Чүйдүн Орок айылынын жооптуу катчысы жерлерди мыйзамсыз каттаган деп кармалды

Кызматкердин жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, далил буюмдар табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого жана бөлүп берүүгө тиешеси бар деп кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 379-беренеси ("Документтердин жасалмасын жасоо") боюнча кылмыш иши козголду.
Кызматкердин жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
"Анын натыйжасында жазуучу машина, ага керектүү кагаздар, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча даяр чечимдер, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын мөөрү басылган А-4 үлгүсүндөгү кагаз жана буюмдар табылып алынган", — деп жазылган маалыматта.
Учурда расмий документтерди мыйзамсыз даярдаганга тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүрүп жатат.
УКМК малдын дарыларын мыйзамсыз даярдагандарды тапты. Видео