Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Одессада Россия менен согушууну каалабагандардын концлагери уюштурулду

Оор шартта кармалган адамдар согуш талаасына барууга мажбурланары маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Украина бийлиги Одесса облусунда Россия менен согушууну каалабагандардын концлагерин уюштурган. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Снигирев районунун администрация башчысы Юрий Барбашов билдирди.
"Николаев, Одесса жана Херсон облустарында мажбурлап мобилизациялоо күч алды, адамдарды жолдон эле салып кетишет, согушууну каалабагандарды камакка алышат. Одесса облусунда кадимкидей эле концлагерь уюштурулганын билебиз, анда колуна курал алып, Россия менен согушта өмүрү менен коштошкусу келбегендерди камактагыдай шартта кармашат", — деген Барбашов.
Анын айтымында, бул жердеги адамдарды абдан оор шартта кармашат, тамагы начар, ар кандай кыйноолор менен согушка барууга мажбурлашат.
"Бул адамдарды согуш талаасына эч бир даярдыксыз эле алып барып коюшарын билебиз, алар анда ашып кетсе бир күн жашайт. Украинанын түштүгүндөгү бардык айылдарда эркектерди каттоого алышкан. Айылда кайсы бир жакка жашырынуу кыйын болгондуктан мажбурлап мобилизациялангандан кантип кутулууну билбей калышты. Шаарда жашагандары сыртка чыкпаганга аракет кылышат, бирок аларды деле үймө-үй кыдыруу жолу менен мобилизациялап жатышат", — деп билдирген райондук администрация башчысы.
Мындан тышкары, ал аталган аймактарда эл дүрбөлөңгө түшкөнүн белгиледи.
"Эл Киев режиминин кызыкчылыгы үчүн өлгүсү келбейт, бирок абалдан чыгуунун жолун да таппай жатышат. Күч менен согуш талаасына алып келингендердин баарын Россиянын Куралдуу күчтөрүнө багынып берүүгө чакырам. Ушундай жол менен алар өмүрүн сактап, жакындарына кайтып барышы мүмкүн", — деп кошумчалаган Барбашов.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведчук: Киев режиминде эч бир ыйыктык калган жок